# КР 2015-жылдын 14-майындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 14-майындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1959/edition/643304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 14-майындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111138

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 14-майы № 95 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111138/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 489-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталап жасалган ошол эле аракеттер, - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында:

үчүнчү абзац "422" деген цифралардан кийин ", 489" деген цифралар менен толукталсын; он төртүнчү абзац "180" деген цифралардан кийин ", 489" деген цифралар менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111138/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
