Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2015-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө „теңге-тең“ принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүүнү ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 12-майы № 94 2015-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө "теңге-тең" принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүүнү ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2015-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө "теңге-тең" принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүүнү ишке ашыруу боюнча долбоор) ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.