# КР 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1955/edition/643288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111134

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-апрели № 91 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111134/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алып коюу шарттарын кошуп алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111134/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
