# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111133)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 90 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111133/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1954/edition/643286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111133/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111133/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 373-1-статья менен толукталсын:

"373-1-статья. Администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу Администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу, - он саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу менен беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алып келет.".

2. 508-статьянын 1-бөлүгү "373," деген цифралардан кийин "373-1," деген цифралар менен толукталсын.

3. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы "373," деген цифралардан кийин "373-1," деген цифралар менен толукталсын.

4. 630-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:

"Администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу администрациялык камоого дуушар болгон адамдын администрациялык камоодо болуусуна тоскоолдук кылуучу оорусу, жаракаты же майыптыгы бар экени тууралуу медициналык корутундунун негизинде, ошондой эле өзгөчө жеке жагдайлар (жакын тууганы катуу ооруп калган же каза болгон же болбосо администрациялык камоого дуушар болгон адамга же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык зыян келтирилген өзгөчө кырдаал) келип чыккан учурда судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн. Администрациялык камакты токтото туруунун мөөнөтү администрациялык камакта болуу мөөнөтүнө эсептелбейт. Ага карата администрациялык камоо жөнүндө токтомдун аткарылышы токтотулган адам белгиленген мөөнөттө администрациялык камакта болуу ордуна кайтып келүүдөн баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам администрациялык камоодо болуу ордуна өткөрүлүп берилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан кармалууга тийиш.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111133/st-2)
