# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111131)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111131/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1952/edition/643183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111131/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 2-берене (23.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111131/st-2

---

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-апрелинде № 35-36 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо, уюштуруу, өткөрүү маселелерин, талаш-тартыш жана башка маселелерди регламенттеген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат, Ушул конституциялык Мыйзамдын 5-пунктунун төртүнчү абзацынын жоболору тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизгенден кийин күчүнө кирет. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жарандарды 2015-жылдын 1-майынан тартып жана 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор күнүнө чейин 55 календардык күн калганга чейинки мезгилде консулдук эсепке коюуда консулдук жыйымдардан бошотуу боюнча чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111131/st-1)
