2-берене
Күчүндө · 23.04.2015 редакциясы
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-апрелинде № 35-36 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо, уюштуруу, өткөрүү маселелерин, талаш-тартыш жана башка маселелерди регламенттеген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат, Ушул конституциялык Мыйзамдын 5-пунктунун төртүнчү абзацынын жоболору тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизгенден кийин күчүнө кирет. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жарандарды 2015-жылдын 1-майынан тартып жана 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор күнүнө чейин 55 календардык күн калганга чейинки мезгилде консулдук эсепке коюуда консулдук жыйымдардан бошотуу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Берененин тексти 23.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111131/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>