# КР 2015-жылдын 17-апрели № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 17-апрели № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1949/edition/1097018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 17-апрели № 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111128

---

КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 17-апрели № 85 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111128/st-1)

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:

"7-1) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;".

2. 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын:

"3-2) өз убагында тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышууларга алып келген мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциясынын чектеринде чараларды көрбөсө;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111128/st-2)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 20-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын: "17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111128/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
