Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-11.
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 17-апрели № 84 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-берене менен толукталсын: "43-1-берене. Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартуусу Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюмдары) камкорчулук кеңештери гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктарынан, башка түшүүлөрдөн түзүлгөн финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартышы мүмкүн. Билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн камкорчулук кеңеши донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат жана бул тууралуу андан ары келип түшкөн финансылык жана башка материалдык каражаттар, аларды сарптоо тууралуу милдеттүү отчет менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-сайттарына жана башка жолдор аркылуу жарыялоого укуктуу. Билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүүлөр тууралуу окуучулардын ата-энелери үчүн кайрылуу маалыматтары, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор билим берүү уюмдарынын көрүнүктүү жана жалпыга жеткиликтүү жерлерине жайгаштырылышы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналган ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн), ошондой эле жетим балдардан жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдардан финансы каражаттарын чогултууга тыюу салынат. Камкорчулук кеңеши тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган финансылык каражаттар атайын казыналык эсепке чегерилет жана билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин чечими менен максаттуу арналыш боюнча пайдаланылат. Камкорчулук кеңешинин төрагасы келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана аларды сарптоо тууралуу отчетторду бербегени үчүн жоопкерчилик тартат. Билим берүү уюмунун кызматчылары (жетекчиси, педагогикалык кызматчылар жана башкалар) өз мекемеси үчүн окуучулардан жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) финансылык жана башка материалдык жардамдарды көрсөтүүнү талап кылууга укуксуз.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын…Положение · 31.03.2021 · № 83
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон