# 8-берене. Билдирмелердин формасы

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 8-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-8

---

1. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун ишке ашырууда, анын ичинде ушул Мыйзамдын 4-главасында каралган даттануу жол-жоболоруна байланыштуу ишке ашырууда, сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндө протоколду түзүүдө жазуу жүзүндө түзүлгөн документтер, чечимдер, арыздар жана кабарламалар гана жарактуу деп таанылат. Жогоруда көрсөтүлгөн билдирмелерди кайра чыгаруунун факсимилелик жана электрондук-санариптик ыкмаларын пайдаланууга жол берилет, мында бул ыкмалар билдирме аны жасаган тараптан чыккандыгын жана билдирменин мөөнөтүн анык белгилөөгө мүмкүндүк бериши керек.

2. Билдирмелерди алмашуу ыкмалары жана аларды жиберүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө талаптар маалымат алууга тең укуктарга ээ болгон бардык берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн жалпы болуп саналат.

3. Берүүчүлөрдү (подрядчыларды), консультанттарды сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга (подрядчыларды) тартууда сатып алуучу уюм төмөндөгүлөрдү көрсөтөт:

1) билдирменин формасына карата талаптар;

2) коммерциялык жашыруун сырды коргоону камсыздоо үчүн чаралар жана талаптар.

4. Сатып алуучу уюм берилген маалыматтын бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылат.

(КР 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-9)
