# 7-берене. Купуялуулук принциби

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 7-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-7

---

1. Маалыматты жарыялабоо мыйзамга каршы келген, мыйзамдарды сактоону камсыз кылууга тоскоолдук кылган, ошондой эле мамлекеттин коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон, же маалыматты ачып берүү берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирген же ак ниеттүү атаандаштыкка тоскоол болгон учурларды кошпогондо, эгерде сот маалыматты ачып берүү жөнүндө токтом кабыл албаса, сатып алуучу уюм жеңүүчү аныкталганга чейин маалыматты ачып берүүгө укуксуз.

2. Конкурстук табыштамаларды иликтөөгө, түшүндүрүүгө жана баалоого байланышкан эч кандай маалымат, ошондой эле келишимди түзүүгө карата сунуштамалар мындай түрдөгү маалыматтарды алууга расмий ыйгарым укугу болбогон адамдарга ачыкталбоого тийиш.

3. Сатып алуучу уюмдун жана берүүчүнүн (подрядчынын) же болбосо консультанттын ортосундагы бардык талкуулоолор, кабарлоолор же сүйлөшүүлөр купуя мүнөзгө ээ болот. Маалымат соттук териштирүүнүн предмети болуп саналган учурларды кошпогондо, тараптардын бири дагы экинчи тараптын макулдугусуз техникалык, баалык же башка маалыматты бөлөк адамдарга ачыктоого укугу жок.

(КР 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-8)
