# 56-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 56-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-56

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-майындагы № 69 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-жыл, № 9, 409-бер.);

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 6/2, 636-бер);

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 236 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 7, 746-бер.);

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жыл, № 7. 991-бер.);

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-декабрындагы № 235 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-жыл, № 11, 1675-бер.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-жыл, № 7, 2775-бер.);

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 84 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 5, 481-бер.);

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 7, 904-бер.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 70 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2014-жыл, 23-май, № 39).

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-55)
