# 54-берене. Келишимдин колдонулушун токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 54-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-54

---

Келишимдин колдонулушун токтотуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) келишимди түзүүдө тараптар негизденген жагдайлар олуттуу өзгөргөндө жана келишим түзүү учурунда бул өзгөрүүнү алдын ала билүүгө мүмкүн болбогондо жана эгерде мында келишимди аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу тарап мындай жагдайлар белгилүү болгондон кийин 2 жуманын ичинде келишимди бузат. Бул ченем мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлүүчү келишимде чагылдырылууга тийиш;

2) эгерде келишим ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларда бузулса, тараптар сарптаган чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүргүзүлөт;

3) келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылганда.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-55)
