# 53-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 53-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-53

---

1. Берүүчүнү (подрядчыны) тандоо үчүн негиз болуп эсептелген сапаттар жана башка шарттар өзгөрүлбөгөн шартта, эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруу процессинде сатып алынуучу окшош товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары азаюу жагына өзгөрүлсө, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдин товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны төмөндөтүү, демек, келишимдеги сумманы төмөндөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тараптардын өз ара макулдугу боюнча жол берилет.

2. Сатып алуучу уюм кол коюлган келишимге ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү же азайтуу бөлүгүндө өзгөртүү киргизе алат.

3. Конкурсту өткөрүүдө берүүчүлөрдү (подрядчыларды) тандоо үчүн критерий болуп саналуучу өзгөртүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге киргизүүгө жол берилбейт.

4. Эгерде келишимге кол коюу датасынан кийин Кыргыз Республикасынын салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешеси бар мыйзамдарында товарлардын. жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын көбөйтүүгө же азайтууга алып келүүчү кандайдыр бир өзгөрүү болсо, сатып алуучу уюм келишимдин наркын тийиштүү түрдө көбөйтүүгө же азайтууга тийиш.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-54)
