# 52-берене. Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 52-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-52

---

1. Сатып алуучу уюм аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды кошпогондо, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык, берүүчүдөн (подрядчыдан) келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууну сурата алат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдик камсыз кылуу акчалай каражаттардагы депозиттер, казыналык облигациялар, банк кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көрсөтүүчүгө карата депозиттик сертификаттар катары чыгарган же камсыз кылган баалуу кагаздар, жеке же юридикалык жактар берген кепилдик, күрөөлүк камсыздоо түрүндө берилиши мүмкүн. Сатып алуучу уюм келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу катары аткарылган иштин актысынын жыйынтыгы боюнча ар бир төлөмдөн 10 пайызга чейин кармап калуу шартын келишимге киргизе алат. Кепилдик камсыз кылуу келишимде каралган айыппулдардын максималдуу өлчөмүнөн ашуусу же келишимдин наркынын 10 пайызынан жогору болуусу мүмкүн эмес.

3. Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен берүүчүгө (подрядчыга) төмөнкү учурларда кайтарып берилет:

1) бардык кепилдик милдеттенмелерди кошуп алганда, келишим боюнча милдеттенмелер аткарылганда. Кепилдик милдеттенмелер күчүндө турган мезгилде, сатып алуучу уюм аткарууну кепилдик камсыз кылуу өлчөмүн төмөндөтөт. Мында келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун кармалган суммасы келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш;

2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулганда.

4. Эгерде берүүчүлөр (подрядчылар) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктун кошпогондо, өздөрү менен түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишимдер (контракттар) боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган, же болбосо талаптагыдай эмес аткарган учурда, келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу сатып алуучу уюм тарабынан кармалат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-53)
