# 51-берене. Мамлекеттик сатып алуулар келишими

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831); 14.02.2017 [Закон КР от 14 февраля 2017 года № 25 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, законы Кыргызской Республики "О рекламе", "О государственных закупках")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111533)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 51-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-51

---

1. Бюджеттик мекемелердин мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелинүүчү келишимдерин кошпогондо, мамлекеттик сатып алуулар келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.

2. Сатып алуучу уюм келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыялоого милдеттүү:

1) берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын жана алардын бенефициардык ээлеринин аталышы жана юридикалык дареги;

2) конкурсту өткөрүү датасы;

3) мамлекеттик сатып алуулардын предмети;

4) товар бирдиги үчүн улуттук валютадагы баа;

5) келишим боюнча мамлекеттик сатып алуулардын жалпы суммасы;

6) келишим түзүлгөн дата;

7) келишимди аткаруу мөөнөттөрү;

8) келишимди аткаруу шарттары жана графиги (товарларды берүү, кызматтарды көрсөтүү, жумуштарды аткаруу);

9) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү;

10) келишим боюнча кепилдик мөөнөттүн болушу.

3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.

4. Ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзбөстөн, минималдуу босоголук суммадан жогору түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим жараксыз деп таанылат жана бул келишим боюнча төлөнгөн бардык чыгымдардын орду сатып алуучу уюмдардын ушундай чечим кабыл алган жетекчилеринин эсебинен толтурулууга жатат.

5. Эгерде сатып алуучу уюм катары мамлекеттик же муниципалдык ишкана, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы акциялардын 50% жана андан көп үлүшүнө ээлик кылган акционердик коом иш алып барса, берүүчү (подрядчы), консультант келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып үч айдан кечиктирбестен, сатып алуучу уюм келишимдин аткарылган жумуштардын тийиштүү актысы менен ырасталган наркын төлөп берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу уюмда акчалай каражаттар болгондо, төлөп берүүдөн баш тартылган же төлөп берүүнүн конкурстук документтерде эскертилген мөөнөтү же графиги бузулган учурда, сатып алуучу уюмдун биринчи жетекчиси жекече жоопкерчилик тартат.

6. Сатып алуучу уюмдун мурда аткарылган келишимдер боюнча карыздары болгон учурда келишим боюнча төлөөгө жол берилбейт. Сатып алуучу уюм келишимдер боюнча төлөөнү кызмат көрсөтүүлөрдүн актысынын датасына жараша кезек менен жүргүзөт.

7. Сатып алуучу уюм берүүчү (подрядчы), консультант тарабынан келишимди аткаруунун жыйынтыктары боюнча үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына мамлекеттик сатып алуулар келишиминин аткарылыш процесси тууралуу төмөнкүдөй маалыматты жайгаштырат:

1) келишимге өзгөртүүлөр киргизилген дата;

2) өзгөртүү үчүн негиз;

3) кабыл алуу актысына кол коюлган дата;

4) айыптык санкциялардын суммасы;

5) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылууну кармап калуу жол-жобосу колдонулгандыгы;

6) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун кармалган суммасы;

7) төлөнгөн датасы жана суммасы.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуя маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, келишимдердин тексттери жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

9. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси жана кызматкерлери келишимди аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2017-жылдын 14-февралындагы № 25, 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-52)
