# 49-берене. Даттанууларды кароо боюнча орган жана даттанууну кароонун жол-жобосу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 26.06.2019 [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 49-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-49

---

1. Даттанууну объективдүү кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көз карандысыз комиссияны түзөт, ал коомчулуктун өкүлдөрүнөн, эксперттерден, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификацияланган адистерден турат. Көз карандысыз

комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобону жетекчиликке алат.

2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз комиссиянын катчылыгы катары иш алып барат.

3. Көз карандысыз комиссия сатып алуучу уюмга даттанууну алгандыгы тууралуу токтоосуз кабарлайт жана сатып алуулардын жол-жобосун он күнгө токтотуп турат. Көз карандысыз комиссия даттанууну электрондук форматта карайт жана жети жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Чечим мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) чечим кабыл алуунун жүйөлөрүнүн негиздемесин;

2) даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, берилген талаптарды канааттандырууга багытталган чараларды.

Зарыл болгондо көз карандысыз комиссия даттанууну сатып алуучу уюмдун жана даттануу берген катышуучунун катышуусунда карайт. Эгерде карап чыгуу учурунда документтерди кошумча суратуу, же башка адистерди же эксперттерди чакыруу, же болбосо кошумча экспертизаны жүргүзүү зарыл болсо, ошондой эле даттануу сатып алуучу уюмдун жана даттануу берген катышуучунун катышуусунда каралган учурда, көз карандысыз комиссия зарыл жол-жоболорду жана иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин, беш жумушчу күндүн ичинде биротоло чечим чыгарат. Мындайда сатып алуу жол-жоболорун токтотуп туруу мөөнөтү көз карандысыз комиссиянын биротоло чечими чыгарылганга чейин узартылат.

4. Эгерде сот маалыматтарды ачуу жөнүндө токтом кабыл албаса, маалыматтарды ачуу конкурска катышкан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирген же ак ниеттүү атаандаштыкка тоскоолдук кылган учурда, кабыл алынган чечимде мындай маалыматтар камтылууга тийиш эмес.

5. Эгерде берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын даттануусу негиздүү болгон учурда, көз карандысыз комиссия укуктук коргоонун төмөнкүдөй бир же бир нече каражаттарын сунуштоого тийиш:

1) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз аракеттерди жасоосуна тыюу салуу;

2) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуусуна же болбосо мыйзамсыз жол-жоболорду колдонуусуна тыюу салуу;

3) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук жокко чыгаруу;

4) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин жарым-жартылай жокко чыгаруу;

5) сатып алуучу уюмдун конкурстун жол-жобосунун шарттарын бузган чечимин жокко чыгаруу;

6) сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу.

6. Эгерде даттануу боюнча чечим белгиленген тартипте бейтарап сотто же жалпы юрисдикциядагы сотто даттанылбаган болсо, ал биротоло чечим деп эсептелет.

7. Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү каралган даттануулардын жана кайрылуулардын алкагында кабыл алынган чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартат.

8. Көз карандысыз комиссия даттанууну мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдү бузуу менен келишим түзүлгөндөн кийин карайт. Мындай учурларда көз карандысыз комиссия ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын кароо үчүн бул келишимди аткарууну он календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турат. Эгерде көз карандысыз комиссия сатып алуу ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен өткөрүлгөндүгүн тааныса, ал даттануунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарат, аны менен катышуучу сотко кайрылууга укуктуу.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-50)
