# 48-берене. Даттанууга укук

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 26.06.2019 [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 48-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-48

---

1. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү кошпогондо, берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар сатып алуу жол-жобосунун кайсы болбосун этабында, ушул Мыйзамдын 32, 321 жана 47-беренелеринде каралган мөөнөттөрдө келишим түзгөнгө чейин көз карандысыз комиссияга мамлекеттик сатып алуунун бардык усулу боюнча даттануу берүүгө укуктуу.

Бир этаптуу усулду эки пакеттүү ыкма менен сатып алууда, биринчи пакет (конверт) боюнча даттануу сатып алуучу уюмдун чечими жарыяланган датадан тартып беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет. Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо, тикелей келишим түзүү усулу менен сатып алууда, даттануу чечим жарыяланган датадан тартып эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

2. Төмөнкүлөр даттануунун предмети боло албайт:

1) ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жеңилдиктерди берүү;

2) сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алган чечим.

3. Даттануунун натыйжасында кызыкчылыктары бузулган же бузулушу мүмкүн болгон берүүчү (подрядчы), консультант даттануунун жол-жоболоруна катышууга укугу бар. Мындай жол-жоболорго катышпаган берүүчү (подрядчы), консультант, эгерде алар даттануу жөнүндө кабарландырылса, кийин ошол эле маселе боюнча даттануу берүү укугунан ажыратылат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-4)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-49)
