# 47-4-берене. Түздөн-түз келишим түзүү аркылуу тандап алуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 47-4-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-4

---

1. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды жалпыга маалымдоо каражаттары же мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу төмөнкүдөй учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:

1) адистер тобун жалдоо зарылчылыгы болбосо;

2) сырттан кошумча маалымат алуу зарылчылыгы болбосо;

3) негизги талап болуп адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы саналат.

2. Конкреттүү тапшырманы аткаруу үчүн жеке консультанттарды тандап алуу алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Консультанттар тапшырманы аткарууга кызыкдар болгондордун ичинен, же сатып алуучу уюм түз кайрылгандардын арасынан тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен тандалып алынат.

3. Сатып алуучу уюм тарабынан жалданган жеке консультанттар квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш жана тапшырманы аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Алардын мүмкүнчүлүгү алган билимине, тажрыйбасына жана квалификациясына жараша бааланат.

4. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды төмөнкүдөй учурларда гана конкурссуз (түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу) тандап алышы мүмкүн:

1) эгерде тапшырма конкурстун негизинде тандап алынган консультант тарабынан мурда аткарылган иштин уландысы болсо;

2) эгерде тапшырманын узактыгы үч айдан кем болсо жана сатып алуу наркы максималдуу босоголук суммадан ашпаса;

3) эгерде кырдаал форс-мажордук жагдайдын кесепетинен өзгөчө мүнөзгө ээ болсо;

4) эгерде адам бул тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тажрыйбага ээ болгон жалгыз консультант болсо.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-3)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-48)
