# 47-2-берене. Белгиленген бюджет шарттарында тандап алуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 47-2-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-2

---

1. Белгиленген бюджет шарттарында тандап алуу усулу так аныкталган тапшырма жана белгиленген бюджет болгон учурларда колдонулат.

2. Сунуш берүүгө чакыруу кагазында тапшырманын бюджети көрсөтүлөт, ал эми консультанттарга ар башка конверттерде бюджеттин чегинде техникалык жана финансылык сунуштарды берүү сунуш кылынат. Техникалык тапшырма абдан ойлонулган жана тапшырманы аткаруу үчүн бюджеттин жетиштүүлүгүн кепилдендирүүгө тийиш.

3. Бардык техникалык сунуштарды баалоо ушул Мыйзамдын 44-беренесине ылайык "сапатты баалоо" усулу боюнча жүргүзүлөт. Андан кийин финансылык сунуштар ачылат жана сунуштун баасы сунушталган бюджеттин чегинен ашып кеткен учурда сунуш четке кагылат.

4. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө техникалык сунуш боюнча эң жогорку балл берген консультант чакырылат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-1)  
Кийинки берене: [47-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-47-3)
