# 45-берене. Финансылык сунуштарды баалоо

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 45-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-45

---

1. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жөнүндө кабарламаны бардык консультанттарга жиберет. Сунуштары минималдуу өткөрмө баллды алган консультанттарга финансылык сунуштар бар конверттерди ачуунун жол-жобосуна катышууга чакыруу жиберилет, мында анын мөөнөтү (ачуунун убактысы жана датасы) көрсөтүлөт, бул мөөнөт аталган кабардама жиберилген күндөн тартып кеминде 1 жума болот.

2. Финансылык сунуштар бар конверттер сатып алуучу уюмдун кабардамасында көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгилүү бир жерде, финансылык сунуштар бар конверттерди ачуу жол-жобосуна катышууну каалаган консультанттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жалпыга жарыя ачылат.

3. Консультанттын аталышы жана дареги, техникалык сунушу жана конкурстук табыштамасынын баасы боюнча алган баллы жөнүндө маалымат угуза окулат, финансылык сунуштар бар конверттерди ачуунун протоколуна киргизилет жана финансылык сунуштар бар конверттерди ачкандан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.

4. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугуна жана анда арифметикалык каталардын жоктугуна текшерүү жүргүзөт, ал эми сунуштарды өз ара салыштыруу үчүн алардын наркы конкурстук документацияда көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-46)
