# 41-берене. Консультанттар үчүн маалымат

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 41-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-41

---

1. Консультанттар үчүн маалыматта төмөнкүдөй кабарлар камтылууга тийиш:

1) тапшырманын кыскача сыпаттамасы, техникалык жана финансылык сунуштардын типтүү формалары;

2) сатып алуучу уюмдардын консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жооптуу кызматкерлеринин фамилиялары, ысымдары, атасынын ысымдары координаттары;

3) техникалык баалоонун критерийлерин саноону, финансылык баа берүүнүн кеңири сыпаттамасын, сапаты боюнча минималдуу өткөрмө баллды жана финансылык сунуштардын жалпыга жарыя ачылышы жөнүндө маалыматтарды кошуп алганда маалыматтарды тандоонун колдонулуучу жол-жобосунун кеңири сыпаттамасы;

4) негизги кызматкерлердин тапшырмаларды аткаруусу үчүн убакыттын эсептик сарптоолору;

5) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;

6) ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүлгөндөн кийин кызыкчылыктардын кагылышуусу тастыкталганда консультант жана анын кайсы болбосун туунду ишканасы сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга укугу болбой тургандыгы тууралуу билдирүү;

7) техникалык жана финансылык сунуштарды электрондук ыкма менен же мөөр коюлуп, чапталган өзүнчө конверттерде берүү жөнүндөгү талаптарды кошуп алганда сунуштарды берүүнүн ыкмасы;

8) консультанттар үчүн алар чакыруу катын алгандыгын ырастоосунун жана өз сунуштары тууралуу сатып алуучу уюмга билдирүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө маалымат;

9) сунуштардын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде консультанттар негизги кызматкерлердин сунушталган курамына өзгөртүү киргизүүгө укуксуз экендиги жана сунуш кылынган коюмдарды жана жалпы бааны кармоого тийиш экендиги жөнүндө билдирүү;

10) консультант тапшырманы аткарууга кирише турган болжолдуу дата;

11) сатып алуучу уюм берүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайлар жабдуулар жана кызматкерлер тууралуу толук маалыматтар;

12) тапшырманын этаптарынын сыпатталышы, эгерде зарыл болсо, тапшырманы улантуунун ыктымалдыгы;

13) чакыруу катта көрсөтүлгөн маалыматка түшүндүрмө берүү жөнүндө суроо-талап берүүнүн тартиби;

14) тапшырманын бөлүгүнө субподряд келишимин түзүүнүн шарттары.

2. Сатып алуучу уюм консультанттар үчүн маалыматка кошумча кабарларды киргизе алат.

42-берене. Сунуштар бар конверттерди берүү жана ачуу

1. Сатып алуучу уюм сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөттүн так датасын жана убактысын белгилейт, бул мөөнөт чакыруу кат жөнөтүлгөн датадан тартып кеминде 4 жума мезгилди камтыйт.

2. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 5 календардык күн калганга чейин консультант сатып алуучу уюмдан чакыруу катта келтирилген маалыматтар боюнча түшүндүрмө берүүнү сурай алат.

3. Сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен консультанттын суроо-талабына жооп берүүгө жана берилген түшүндүрмөлөрдүн көчүрмөсүн кыска тизмеге киргизилген бардык консультанттарга жөнөтүүгө тийиш. Зарыл болгон учурда сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат.

(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)

4. Сунуштарды берүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин техникалык жана финансылык сунуштарга карата түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Техникалык жана финансылык сунуштар төмөнкүдөй учурларда жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш:

1) эгерде конкурстук табыштама кагаз түрүндө берилсе, бир эле убакта мөөр коюлуп, чапталган өзүнчө конверттерде берилет;

2) эгерде конкурстук табыштама электрондук түрдө берилсе, аны жиберип жаткан уюм техникалык жана финансылык сунуштарга тиешеси бар маалыматтын аныктыгын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.

5. Техникалык сунуштар бар конверттер сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин дароо эле конкурстук документацияда көрсөтүлгөн белгилүү бир жерде ачылат. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда сунуштар бар конверттерди ачуу тийиштүү күндө жүргүзүлөт. Конверттерди ачуунун протоколу тутум аркылуу автоматтык түрдө түзүлүүчү электрондук ыкма менен сатып алууну кошпогондо конкурстук комиссия конверттерди ачканда ачуунун протоколуна консультант тууралуу негизги маалыматтар киргизилет. Ачуунун протоколу конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачкан күндөн кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.

6. Финансылык сунуштар конвертте мөөр коюлуп, чапталган түрүндө болот жана сатып алуулар бөлүмүнө берилет, бул жерде алар ачылуучу учурга чейин сакталат.

7. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин алынган, сунуштар бар конверттер ачылбайт жана консультанттарга кайтарылып берилет.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-40)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-43)
