# 4-берене. Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153207..1153208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 4-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-4

---

1. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүн кошпогондо, ички жана чет өлкөлүк берүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш.

2. Ички берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларды сатып алганда сатып алуучу уюм берилүүчү товарларга продукциянын коопсуздугун жана сапатын ырастаган зарыл сертификаттар болгон учурда, конкурстук табыштамаларды баалоодо сунушталган баага 20 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде сатып алуулардын предмети Кыргыз Республикасынын ички подрядчылары жана чет өлкөлүк подрядчылар аткаруусу мүмкүн болгон жумуштар болсо, ички подрядчы жергиликтүү эмгек ресурстарын кеминде 70 пайыз жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды кеминде 30 пайыз пайдаланган шартта, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга 20 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди берүүгө милдеттүү.

4. Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер берилген учурда, сатып алуучу уюм конкурстук документациядагы жана боло турган конкурс жөнүндө кулактандыруудагы жеңилдиктердин өлчөмүн карап чыгууга тийиш. Жеңилдиктерди берүү жөнүндө жарыяланган кулактандыруу кийин өзгөртүлүүгө жатпайт.

5. Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер берилген учурда сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды баалоодо жана салыштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен усулдук нускаманы жетекчиликке алат.

6. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин берүүчүлөрүнө (подрядчыларына) карата Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Келишимде каралган ченемдер мыйзамдарда белгиленген тартипте колдонулат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-3)  
Кийинки берене: [4-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-4-1)
