# 32-берене. Конкурстун жыйынтыктарын жалпыга жарыялоо жана келишимди түзүү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 26.06.2019 [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 32-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-32

---

1. Сатып алуучу уюм жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына эки жумушчу күндүн ичинде жайгаштырат, мында конкурста жеңип чыккан берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана ал берген табыштаманын баасы көрсөтүлөт. Конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган берүүчү (подрядчы) бир этаптуу жана эки этаптуу усул аркылуу конкурстан өткөндө үч жумуш күндүн ичинде конкурс жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу жана бааны төмөндөтүү жана түздөн-түз келишим түзүү усулдары аркылуу өткөндө - бир жумуш күндүн ичинде аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоону тастыктоого тийиш.

2. Эгерде сатып алуу жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык көз карандысыз комиссиянын чечими боюнча убактылуу токтотулбаган болсо гана, ушул Мыйзамдын 321-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттөрдү кошпогондо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып он календардык күндөн эрте эмес мөөнөттө жана отуз календардык күндөн кечиктирбестен жеңип чыккан берүүчү (подрядчы) менен келишимге кол коёт.

Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүндө (6, 10, 11, 15 жана 17-пункттарды кошпогондо) көрсөтүлгөн учурларда сатып алууларды жүзөгө ашырууда, сатып алуучу уюм үч жумушчу күндөн эрте эмес мөөнөттө келишимге кол коёт.

3. Конкурстук табыштамасы жеңип чыкты деп таанылган берүүчү (подрядчы) менен конкурстук табыштаманын шарттарына ылайык (конкурстук табыштаманын колдонулуу мөөнөтүнө), ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарды эсепке алуу менен, мамлекеттик сатып алуулар келишими түзүлөт.

4. Аныкталган берүүчү (подрядчы) кабарламаны ырастабаган учурда, ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктуна ылайык, сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтингинде экинчи орунду ээлеген берүүчү (подрядчы) менен келишим түзө алат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-31)  
Кийинки берене: [32-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-32-1)
