# 30-берене. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 30-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-30

---

1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуучу уюм сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:

1) ар бир лот боюнча сатып алуулардын предметинин сыпаттамасы;

2) мамлекеттик сатып алуулардын усулу жана аны тандоо үчүн негиздер, алкактык макулдашуунун жол-жоболору колдонулган учурда - алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонууда сатып алуучу уюм жетекчиликке алган себептердин жана жагдайлардын баяндалышы;

3) конкурстук табыштамаларды берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) аталыштары жана даректери;

4) сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүдө берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата конкурстук документацияда коюлуучу талаптар;

5) алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү жана анын натыйжалары жөнүндө маалымат;

6) конкурстук табыштамаларды берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындары жөнүндө маалымат;

7) конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө маалымат;

8) ар бир конкурстук табыштаманын баалары жана башка негизги шарттары;

9) берилген конкурстук табыштамаларды тандоо үчүн баалоо критерийлеринин жана негиздеринин баяндалышы;

10) конкурстук табыштамалардын колдонулуу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маалымат;

11) бардык конкурстук табыштамалар четке кагылган учурда, аларды четтетүүнүн негиздери тууралуу маалымат;

12) эгерде сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжасында сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлбөсө, келишимге кол коюлбагандыктын негиздемеси;

13) ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү үчүн негиздеме;

14) алдын ала квалификациялык же конкурстук документациянын жоболоруна түшүндүрмө берүү боюнча суроо-талаптардын жана аларга берилген жооптордун жалпыланган баяндалышы, ошондой эле мындай документтерди кайсы болбосун өзгөртүүнүн кыскача баяндалышы;

15) коюлган даттануулар жана аларды чечүүнүн ыкмалары жөнүндө маалымат;

16) жол-жоболорду токтото туруу жана жаңыртуу жөнүндө маалымат;

17) эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;

18) жеңүүчү деп жарыяланган берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги сатып алуулар жөнүндө келишимдеги баа жана башка негизги шарттар (алкактык макулдашуунун жол-жоболору учурунда - алкактык макулдашуунун негизги шарттары тууралуу кошумча кыскача маалымат);

19) конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтинги (конкурста биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген катышуучуларды көрсөтүү);

20) өтө төмөн баа камтылган конкурстук табыштамаларды ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык четке кагуунун себеби;

21) ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечим;

22) ушул Мыйзамдын жоболоруна же мыйзам алдындагы актыларга ылайык сатып алуулар жол-жоболорунун протоколуна киргизилиши зарыл башка маалыматтар.

2. Сатып алуулар жол-жобосунун протоколуна конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колтамгалары коюлат жана ал сатып алуу бөлүмүнө берилет.

3. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууда, сатып алуулар бөлүмү, ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2, 6, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо, төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт:

1) сатып алуу предметинин сыпаттамасы;

2) усулду тандоо үчүн негиз;

3) мониторингдин натыйжалары;

4) берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги;

5) берүүчүнүн (подрядчынын) квалификациясы жөнүндө маалымат;

6) сунуштун баасы;

7) экспертти тартуу жөнүндө маалымат (эгерде ал тартылган болсо).

4. Сатып алуучу уюм сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт жана аны эки жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат, купуя маалыматтарды кошпогондо, анда сатып алуулар жол-жоболоруна тиешеси бар маалыматтар камтылат. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүдө протокол тутум аркылуу өз алдынча түрдө, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында түзүлөт.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-29-1)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-31)
