# 29-1-берене. Конкурсту өттү деп таануунун негиздери

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-29-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 29-1-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-29-1

---

1. Эгерде конкурс бир этаптуу усул аркылуу өткөн жана конкурстук документациянын белгиленген бардык талаптарына жооп берген бир гана конкурстук табыштама берилген учурда, же болбосо четтетилгенден кийин конкурстук документациянын белгиленген бардык талаптарына жооп берүүчү бир гана конкурстук табыштама калган болсо, анда бул конкурс өттү деп таанылат.

2. Эгерде конкурс жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу өткөн жана өткөрүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук документацияда белгиленген талаптарга жооп берүүчү жалгыз конкурстук табыштама калган болсо, анда бул конкурс өттү деп таанылат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-29)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-30)
