# 28-берене. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153207..1153208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 28-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-28

---

1. Конкурстук табыштамалар бар конверттер конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин жана конкурстук документацияда көрсөтүлгөн жерде токтоосуз ачылат. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда конверттерди ачуу тийиштүү күнү жүргүзүлөт.

2. Ачуу жол-жобосу веб-порталда автоматтык түрдө жүргүзүлгөн сатып алуулардын электрондук формасын кошпогондо, сатып алуучу уюм кызыкдар тараптардын катышуусунда конкурстук табыштамаларды ачууну жүргүзөт.

3. Конкурстук табыштамаларды ачууга бардык каалоочуларга катышууга уруксат берилет. Аудиожазууларды жана видеотартууларды жүргүзүүгө уруксат берилет. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди сатып алуучу уюмдардын режимдик, аскердик же жашыруун объекттеринде ачкан учурда, сатып алуучу уюмдун макулдугу боюнча аудиожазууну жана видеотартууну жүргүзүүгө мүмкүн.

4. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун жол-жобосуна катышкан адамдар конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

5. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун жол-жобосун жүргүзүүдө конкурстук табыштамалардын жоболорун түшүндүрүп берүүсү үчүн берүүчүлөргө (подрядчыларга) кайрылууга, ошондой эле катышуучулардын берилген табыштамаларга карата суроолоруна жооп берүүгө тыюу салынат.

6. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун жол-жобосун жүргүзүүдө жеңүүчүнү баалоо жана аныктоо өткөрүлбөйт.

7. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун жол-жобосун жүргүзүүдө төмөнкүдөй маалыматтар угуза окулат жана/же тастыкталат:

1) табыштамасы ачылган ар бир берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги;

2) конкурстук табыштаманын баасы жана валютасы, сунуш кылынган арзандатуу жөнүндө маалымат, эгерде сатып алуунун предмети лотторго бөлүнсө - ар бир лоттун баасы;

3) конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуунун формасы, өлчөмү;

4) сунуштардын колдонулуу мөөнөтү;

5) Кыргыз Республикасындагы салыктар жана камсыздандыруу салымдары боюнча карыздары тууралуу маалымкатты берген уюмдун аталышы, маалымкаттын номери;

6) бардык талап кылынган документтердин болушу.

8. Конкурстук комиссия конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуу жол жобосун жүргүзүүдө ачылбаган жана угуза окулбаган конкурстук табыштамаларды жана аларга карата өзгөртүүлөрдү кабыл алууга жана андан ары баалоого тийиш эмес.

9. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуу жол-жобосун жүргүзүүдө окулган маалыматтар конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун протоколунда тастыкталат жана ачууга катышкан бардык берүүчүлөр (подрядчылар) жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан колтамга коюлат. Конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун протоколу конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачкандан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.

10. Электрондук ыкма менен сатып алууда конкурстук табыштамаларды ачуунун протоколун тутум автоматтык түрдө түзөт жана веб-порталга жайгаштырат.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-271)  
Кийинки берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-281)
