# 27-берене. Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындары

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.06.2019 [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153208..1153209>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 27-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-27

---

1. Сатып алуучу уюм келишим түзүү боюнча юридикалык укуктуулуктан тышкары мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стандарттык конкурстук документтерди пайдалануу менен, конкурстук документтерде берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясынын деңгээлине карата төмөнкүдөй талаптарды белгилейт:

1) иш тажрыйбасы жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн аткарылган көлөмү;

2) финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу, чыгаша тартууларынын болбошу, жетишерлик жүгүртүү каражаттарынын болушу;

3) техникалык мүмкүнчүлүктөрү, зарыл жабдуулардын, квалификациялуу кадрлардын, лицензиялардын (эгерде иш-аракет лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдин негизинде тараптар лицензияларды өз ара тааныган учурда, аларды чыгарган өлкөнүн лицензияларынын болушу), Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу боюнча иштерди каттоонун жана өндүрүштүк объекттердин болушу;

4) Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча карыздары жөнүндө маалымат. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы тууралуу маалымат;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактуралардын маалымат системасында жол-жоболоштурууга милдеттүү болгон берүүчүнү (подрядчыны) каттоо жөнүндө маалымат.

2. Берүүчүлөр (подрядчылар) ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган критерийлерге ылайык квалификациялык дайындарын күбөлөндүргөн документтик далилдерди же бөлөк маалыматты берүүгө тийиш. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча конкурска катышканда берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн ушул берененин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунда белгиленген талап алып салынат.

3. Ушул беренеге ылайык белгиленген кайсы болбосун талап алдын ала квалификациялык документацияда жана/же конкурстук документацияда баяндалат, бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата бирдей даражада колдонулат. Сатып алуучу уюм берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындарына карата ушул Мыйзамда каралгандан тышкары эч кандай башка критерийлерди, талаптарды же жол-жоболорду белгилебейт. Сатып алуучу уюм берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындарын баалоону алдын ала квалификациялык жана/же конкурстук документацияда баяндалган квалификациялык критерийлерге жана жол-жоболорго ылайык жүргүзөт.

4. Сатып алуучу уюм берүүчүлөрдү (подрядчыларды) басмырлоону билдирүүчү критерийлерди, талаптарды жана жол-жоболорду белгилөөгө тийиш эмес.

5. Сатып алуучу уюм өткөрүлүп жаткан конкурста берүүчүдө (подрядчыда) иштөө тажрыйбасынын жана сатып алуулардын предметинин пландалган суммасынан жогору аткарылган иштин көлөмүнүн болушу жөнүндө талапты белгилөөгө укуксуз.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-26)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-271)
