# 25-берене. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153207..1153208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 25-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-25

---

1. Сатып алуучу уюм товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн татаал, кымбат түрлөрүн же кууш адистешкен түрлөрүн мамлекеттик сатып алуу учурларында сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу.

2. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялайт жана алдын ала квалификациялык тандоого табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт, бул мөөнөт алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып кеминде төрт жума болот.

3. Сатып алуучу уюм стандарттык конкурстук документтерди пайдалануу менен алдын ала квалификациялык документтерди иштеп чыгат. Алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандырууда милдеттүү тартипте төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

1) сатып алуучу уюмдун аталышы жана дареги;

2) берилүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзү, саны жана жеткириле турган жери; аткарылууга тийиш жумуштардын мүнөзү, саны жана жасала турган жери же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзү жана алар ишке ашырыла турган жер;

3) катышуучулардын квалификациялык дайындарын аныктоодогу критерийлер жана жол-жоболор;

4) ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер бериле тургандыгы жөнүндө билдирме;

5) товарларды берүүнүн же жумуштарды бүткөрүүнүн алгылыктуу же талап кылынуучу мөөнөттөрү, же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдүн графиги;

6) алдын ала квалификациялык тандоого табыштамалар бериле турган жер жана акыркы мөөнөт;

7) конкурстук табыштаманын текстин түзүүдө алдын ала квалификациялык жол-жоболордо пайдаланыла турган тил (тилдер).

4. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу менен бирге алдын ала квалификациялык документация жөнүндө маалыматты, анын ичинде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген маалыматты, ошондой эле төмөндөгүлөрдү жайгаштырууга тийиш:

1) алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн табыштамаларды даярдоо жана берүү боюнча нускама;

2) ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындарын баалоонун критерийлеринин жана жол жоболорунун сыпаттамасы;

3) берүүчүлөр (подрядчылар) өздөрүнүн белгиленген квалификациялык талаптарга туура келерин ырастоо үчүн бериши керек болгон документтүү далилдерге карата талаптар;

4) берүүчүлөр (подрядчылар) менен тикелей байланышта болууга ыйгарым укуктар берилген, сатып алууларды жүргүзүүгө жооптуу болгон адамдардын ысымдары, кызмат орундары жана алар менен байланышуу ыкмалары.

5. Берүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуучу уюмдан алдын ала квалификациялык документациянын жоболоруна түшүндүрмө берүүнү сурай алат. Сатып алуучу уюм суроо талап алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен алдын ала квалификациялык документациянын жоболоруна түшүндүрмө берет жана түшүндүрмөнү суроо-талаптын булагын жарыялабастан мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.

6. Сатып алуучу уюм берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуулар жол жоболоруна андан ары катышуусу үчүн аларды квалификациялык тандоону алдын ала квалификациялык документацияда аныкталган шарттардын негизинде гана жүргүзөт.

7. Алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн берүүчүгө (подрядчыга) гана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна андан ары катышууга жол берилет.

8. Сатып алуучу уюм чечим кабыл алынган күндөн тартып бир календардык күндөн кечиктирбестен ар бир берүүчүгө (подрядчыга) алдын ала квалификациялык тандоодон өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө кабарлама берет.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-26)
