# 24-берене. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү, формасы жана ыкмалары. Конкурстук табыштамаларды колдонуунун, өзгөртүүнүн жана кайра артка салуунун мөөнөтү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных закупках", "Об акционерных обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112325)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2021 [Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных закупках", "Об акционерных обществах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112325); 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 26.06.2019 [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923); 11.01.2019 [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153213..1153214>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 24-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-24

---

1. Сатып алуучу уюм конкурстук документацияда конкурстук табыштамаларды берүү үчүн так датаны жана акыркы мөөнөттүн убактысын белгилейт. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин алынган конкурстук табыштама ачылбайт жана аны берген берүүчүгө (подрядчыга) кайтарылып берилет.

2. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды берүү үчүн акыркы мөөнөттү белгилейт, ал төмөнкүдөй түрдө түзүлүүгө тийиш:

1) конкурстардын жол-жоболорун бир этаптуу жана эки этаптуу усул менен жүзөгө ашырууда - кеминде эки жума; бир этаптуу усулду эки пакеттүү ыкма аркылуу жүзөгө ашырууда - алдыдагы конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин кеминде үч жума;

2) жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурстардын жол жоболорун ишке ашырууда - боло турган конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин кеминде 1 жума.

3. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн усулу же усулдары конкурстук документацияда сатып алуучу уюм тарабынан белгиленет.

4. Конкурстук табыштамалар төмөнкүдөй түрдө берилет:

1) колтамга коюу менен жазуу жүзүндө;

2) кагаз жүзүндөгү формада берилген учурда - кол коюга укугу бар ыйгарым укукту жактардын колу коюлуп, чапталган конвертте;

(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)

3) электрондук формада берилген учурда - жөнөтүүчү уюм тийиштүү маалыматынын аныктыгын, бүтүндүгүн, тууралыгын жана купуялуулугун камсыздоого тийиш.

(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамына редакциясына ылайык)

5. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кабыл алууга милдеттүү.

6. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамалардын корголгондугун, бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аны ушул Мыйзамга ылайык кароону конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачкандан кийин гана камсыздоого тийиш.

7. Ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларда, сатып алуучу уюм конкурстук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизгенде, киргизилген өзгөртүүлөрдү өз конкурстук табыштамаларында эсепке алуу үчүн берүүчүлөргө (подрядчыларга) убакыт берүү менен, сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн сатып алууларды бир этаптуу жана эки этаптуу усулу менен жүргүзүүдө он календардык күндөн кем эмес, сатып алууларды жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бааны төмөндөтүү усулу менен жүргүзүүдө - үч календардык күнгө узартууга тийиш.

8. Конкурстук табыштамалар конкурстук документацияда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде күчүндө болот. Бул мөөнөттү эсептөө конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачкан күндөн тартып башталат.

9. Конкурстук табыштамалардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки өзгөчө учурларда, конкурстук табыштамаларга баа берүү үчүн убакыт жетишсиз болгондо же болбосо көз карандысыз комиссиянын чечиминин негизинде кайрадан баа берилгенде, сатып алуучу уюм берүүчүлөргө (подрядчыларга) бул мөөнөттү конкреттүү убакыттын мезгилине узартуу жөнүндө суроо-талабын жөнөтүүгө милдеттүү.

10. Сатып алуучу уюмдун мындай суроо-талабы четке кагылган учурда, берүүчү (подрядчы) өзүнүн конкурстук табыштамасын кепилдик камсыз кылууну кайтарып алуу укугун жоготпойт.

11. Өздөрүнүн конкурстук табыштамаларынын колдонулуу мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр (подрядчылар) конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылууну колдонуунун мөөнөтүн узартат, банктык кепилдиктер берилген учурда өздөрүнүн конкурстук табыштамаларын колдонуунун узартылган мөөнөтүн жабуу үчүн конкурсту табыштамаларга жаңы кепилдик камсыз кылууну берет.

12. Берүүчү (подрядчы) конкурстук табыштама берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин өзүнүн конкурстук табыштамасын өзгөртүүгө же кайра артка алууга укуктуу, мында ал өзүнүн конкурстук табыштамасын кепилдик камсыз кылууну кайтарып алуу укугун жоготпойт.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-25)
