# 22-берене. Алкактык макулдашууну пайдалануунун шарттары жана тартиби

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153207..1153208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 22-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-22

---

1. Сатып алуучу уюм конкурстардын натыйжалары боюнча төмөнкүдөй учурларда алкактык макулдашууга кол кое алат:

1) эгерде убакыттын кандайдыр бир конкреттүү мезгилинин ичинде белгисиз же көп иреттик негизде сатып алуулардын предметин сатып алуунун зарылдыгы келип чыкса;

2) эгерде сатып алуулардын предметинин өзгөчө мүнөзүнөн улам убакыттын кандайдыр бир конкреттүү мезгилинин ичинде бул предметтин зарылдыгы шашылыш тартипте келип чыгуусу мүмкүн болсо.

2. Алкактык макулдашууга кол коюу үчүн конкурс жүргүзүүдө сатып алуучу уюм кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш:

1) алкактык макулдашууну түзүү үчүн конкурс өткөрүлө тургандыгын;

2) алкактык макулдашуу эки же андан көп берүүчү (подрядчы) менен түзүлө тургандыгын.

3. Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзгөн учурда алкактык макулдашууну түзүү үчүн конкурс өткөргөн сатып алуучу уюмдун аталышын жана дарегин, түзүлгөн алкактык макулдашуунун негизинде сатып алуулар жөнүндө келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ болгон башка сатып алуучу уюмдардын даректерин көрсөтүү зарыл.

4. Алкактык макулдашуу жазуу формасында түзүлөт жана анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) алкактык макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү;

2) предметтин сыпаттамасы;

3) келишимге кол коюу учуруна карата кандай шарттар тактала тургандыгы;

4) сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүү тууралуу чечимди кабыл алуунун жүрүшүндө колдонулуучу жол-жоболор жана критерийлер.

5. Сатып алуучу уюм алкактык макулдашуунун шарттарына ылайык, бул алкактык макулдашуунун тарабы болгон берүүчүлөр (подрядчылар) менен келишим түзөт.

6. Эгерде алкактык макулдашууга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кол коюлса, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) саны алар белгиленген критерийлерге ылайык келген шартта экиден кем болбоого тийиш.

7. Сатып алуучу уюм алынган бардык конкурстук табыштамаларды баалоону жүргүзөт, конкурстук документацияда баяндалган жол-жоболорго жана критерийлерге ылайык жеңүүчүнү аныктайт, сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт, аны мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.

8. Алкактык макулдашуунун жол-жоболорун пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-211)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-23)
