# 20-берене. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 20-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-20

---

1. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Сатып алуучу уюм бааны төмөндөтүү усулу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну төмөнкүдөй учурларда жүргүзө алат:

1) эгерде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр белгиленген сапат стандарттарына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү сыпаттамасына ээ болсо;

2) эгерде натыйжалуу атаандаштыкты камсыздоо үчүн үчтөн кем эмес берүүчүлөрдөн турган атаандаштык рыногу болсо.

3. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында реалдуу режимде өткөрүлөт, анда товар же кызмат көрсөтүү үчүн сатып алуучу уюм өзү төлөөгө даяр баштапкы бааны белгилейт, ал эми берүүчүлөр болсо баанын деңгээлин улам азайтуу менен өз сунуштарын беришет.

4. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоодо сатып алуучу уюм пайдалануучу критерийлер сандык жана акчалай түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурстун жеңүүчүсү болуп эң төмөнкү бааны сунуштаган берүүчү саналат. Бир нече берүүчү эң төмөнкү бааны сунуштаган учурда башка берүүчүлөрдөн мурда сунуш берген берүүчү жеңүүчү деп таанылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-21)
