# 19-берене. Жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу конкурс

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 19-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-19

---

1. Жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу конкурс максималдуу, атайын даярдоону талап кылбаган даяр товарларды, конкреттүү сыпаттамасы бар жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү максималдуу босоголук суммадан төмөн суммада сатып алууну ишке ашырган учурда пайдаланылат.

2. Атаандаштыкты жана натыйжалуу тандоону камсыздоо үчүн жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу конкурсту өткөрүүдө сатып алуучу уюм экиден кем эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон конкурстук табыштамаларын карайт. Ар бир берүүчүгө (подрядчыга) бир гана конкурстук табыштаманы, берүүгө уруксат берилет жана аны алмаштырууга уруксат берилбейт. Сатып алуучу уюмдун жана берүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда ушул берүүчү (подрядчы) тапшырган конкурстук табыштамага карата эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт. Сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн канааттандырган, эң төмөнкү бааны сунуштаган алгылыктуу конкурстук табыштама жеңип чыккан конкурстук табыштама деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-20)
