# 17-берене. Бир этаптуу усул аркылуу конкурс

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.12.2020 [Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112159); 26.06.2019 [Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111923)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153210..1153211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 17-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-17

---

1. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги усулу болуп бир этаптуу усул саналат. Бир этаптуу усул менен конкурс өткөрүүдө сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууну каалаган берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) саны чектелбейт.

2. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу усул менен сатып алуу конкурсу негизги усул болуп саналат жана эгерде баадан тышкары сапат критерийлерин белгилөө зарыл болсо колдонулат.

3. Сатып алуулардын предметинин пландалган суммасы максималдуу босоголук сумманын эки эселенген өлчөмүнөн ашкан (бардык лоттордун жалпы суммасын эске алуу менен) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларда сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 281-беренесине ылайык эки пакеттүү ыкманы колдонууга тийиш.

Мында сатып алуучу уюм сатып алуулардын предметинин пландалган суммасы максималдуу босоголук сумманын эки эселенген өлчөмүнөн ашпаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эки пакеттүү ыкманы колдонууга укуктуу. (КР 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-18)
