# 15-берене. Конкурс жөнүндө кулактандырууну жарыялоо, анын мазмуну

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153207..1153208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 15-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-15

---

1. Сатып алуучу уюм конкурс өткөрүүдө конкурс тууралуу кулактандырууну жана конкурстук документациянын ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык иштелип чыккан бүткүл пакетин мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.

2. Конкурстук кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) сатып алуучу уюмдун аталышы жана юридикалык дареги;

2) мамлекеттик сатып алуулардын усулу;

3) берилүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзү, тизмеги, саны жана жеткирилүүчү орду жана мөөнөтү, аткарылууга тийиш болгон жумуштардын мүнөзү, тизмеги, орду жана мөөнөтү, же болбосо ишке ашырылууга тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзү, тизмеги, орду жана мөөнөтү;

4) ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жеңилдиктерди берүү жөнүндө маалымат;

5) конкурстук табыштамаларды берүүнүн орду жана акыркы мөөнөтү;

6) конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуунун орду жана мөөнөтү.

3. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына конкурс жөнүндө жарыяны эс алуу жана иш эмес майрам күндөрү жайгаштырууга тыюу салынат.

4. Конкурс жөнүндө жарыя конкурсту мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынын издөө тутумуна жашырууга көмөктөшө турган тамгаларды же символдорду камтууга тийиш эмес.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-16)
