# 12-берене. Сатып алууларды пландаштыруу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111125)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125#diff=1153207..1153208>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1946/edition/1153202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111125/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 12-берене (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-12

---

1. Сатып алуучу уюм тиешелүү бюджет бекитилгенден кийин бир айлык мөөнөттө, бюджеттин же чыгымдар сметасынын негизинде кеминде бир жылдык мезгилге мамлекеттик сатып алуулардын планын өз алдынча иштеп чыгат жана аны мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат. Эгер жылдын аягына чейин бюджет долбоору бекитилбей калган учурда, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 99-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдери колдонулат.

2. Сатып алуулардын планында мамлекеттик сатып алуулардын предмети, анын саны жана сатып алууларды жүргүзүүнүн болжолдуу баалары жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

3. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, мында киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш;

4. Мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында), форс-мажордук жагдайлар жана авариялар менен байланышкан учурлардан тышкары, каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.

5. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эгерде жылдык сатып алуулар планында каралган чыгымдардын ар бир беренеси боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуунун жыйынды көлөмү, саны мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген минималдуу босоголук суммалардан ашык болсо, анда сатып алуучу уюм сатып алууларды ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык конкурс өткөрүү аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү. Мында сатып алуучу уюм сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мезгилин, көлөмүн, санын пландоого укуктуу.

(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111125/st-13)
