# КР 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1944/edition/1119996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111123

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 15-апрели № 81 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111123/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 39-43-пункттар менен толукталсын:

"39) "Аффинаждалган стандарттык куймалар" - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген алтындан жана/же күмүштөн даярдалган жана маркировкаланган куймалар.

40) "Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар'' - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмиссиялаган (чыгарган) же кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган аффинаж ишканасында салмагы 1000 грамм жана андан аз, алтын үчүн куйманын лигатурдук массасынын 99,95 - 99,99 пайыздан кем эмес химиялык таза негизги металл камтылган жана күмүш үчүн куйманын лигатурдук массасынын 99,90 пайызынан кем эмес болгон алтындан жана/же күмүштөн даярдалган жана маркировкаланган куймалар.

41) "Алтындан жана/же күмүштөн инвестициялык монеталар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмиссияланган (чыгарылган) жана калктын акчалай салымдарын инвестициялоо жана жеке фондун түзүү үчүн арналган алтын жана/же күмүш монеталар.

42) "Нумизматикалык (коллекциялык) монеталар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан маданий-агартуу максаттары үчүн арналып чектелген санда чыгарылуучу жана белгилүү бир тематикага ээ болгон монеталар.

43) "Маркировкаланган куймалар" - алардын касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн жана идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен аларды андан ары идентификациялоо максатында шарттуу белгилер, тамгалар, сандар, графикалык белгилер же жазуулар киргизилген куймалар.".

2. 243-беренеде:

2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) нумизматикалык монеталарды жана коллекциялык нускаларды кошпогондо, мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган валюта, банкноттор жана акча каражаттары менен, ошондой эле алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар менен операциялар;"; берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалардын, инвестициялык монеталардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".

3. 256-берененин мамлекеттик тилдеги текстинде "куймасынын" деген сөз "эритиндисинин" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 261-берененин мамлекеттик тилдеги текстинде "куймасын" деген сөз "эритиндисин" деген сөзгө алмаштырылсын.

5. 315-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111123/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
