# КР 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 80 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 80 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1943/edition/631906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 80 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111122

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 14-апрели № 80 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111122/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 288-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - бештен он бешке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - ондон жыйырмага чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүүгө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - үч жүздөн беш жүзгө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 289-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - бештен онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - ондон он бешке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүүгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 290-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 290-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111122/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
