Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын („Фаель Хаир“ программасынын администратору катары) ортосундагы Айрым мусулман мамлекеттеринде жана коомдоштуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча „Фаель Хаир“ программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 10-апрели № 79 2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ("Фаель Хаир" программасынын администратору катары) ортосундагы Айрым мусулман мамлекеттеринде жана коомдоштуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча "Фаель Хаир" программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ("Фаель Хаир" программасынын администратору катары) ортосундагы Айрым мусулман мамлекеттеринде жана коомдоштуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча "Фаель Хаир" программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.