# Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1936/edition/629470/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы (02.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111115

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 2-апрели № 69 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111115/st-1)

Бажы биримдигинин тиешелүү техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген датасынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1108-ст.); "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 178 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 495-ст.); "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2285-ст.); "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 18-ст.); "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 57 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 552-ст.); "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 86 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 483-ст.); "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 594-ст.); "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 934-ст.).

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111115/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евроазиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш.Атамбаев
