4-берене
Күчүндө · 03.04.2015 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2015-жылга - 16547700,0 миң сом суммасында, 2016-жылга божомол - 18058333,9 миң сом суммасында, 2017-жылга - 19705365,2 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:
- пенсиянын базалык бөлүгүнө 2015-жылга - 8776560,2 миң сом, 2016-жылга божомол - 9636269,5 миң сом, 2017-жылга - 10655303,3 миң сом;
- пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2015-жылга -1846946,5 миң сом, 2016-жылга божомол - 1892363,5 миң сом, 2017-жылга - 1940958,3 миң сом;
- "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга 2015-жылга - 2150581,3 миң сом, 2016-жылга божомол - 2272891,8 миң сом, 2017-жылга - 2393676,1 миң сом;
- аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2015-жылга - 25000,0 миң сом, 2016-жылга божомол - 35000,0 миң сом, 2017-жылга - 35000,0 миң сом;
- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана аскердик багыттардагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору алган, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2015-жылга - 3748612,0 миң сом, 2016-жылга божомол - 4221809,1 миң сом, 2017-жылга - 4680427,5 миң сом.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111114/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>