# Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 73 "Суу-Башы айыл аймагынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 73 "Суу-Башы айыл аймагынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6976/edition/1110086/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 73 "Суу-Башы айыл аймагынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине көрсөтүү жөнүндө" токтому (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111091

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2021-жылдын 1-апрели № 73 Суу-Башы айыл аймагынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын маданият жөнүндө 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 119 мыйзамынын 15-беренесине ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Б.Топчубаеванын, Б.Жолдошованы маданияттын мыкты кызматкери төш белгисине көрсөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат

1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Апкан айылдык китепканасынын башчысы Жолдошова Бүүсараны алгылыктуу эмгектерин эске алып “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине көрсөтүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү болгон документтерди жасап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Артыкбаев
