# Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 71 "Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 71 "Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6974/edition/1110072/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 71 "Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111089

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы

2021-жылдын 1-апрели № 71 Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомунун 4 жана 5-пунтарына ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылынын “Кашка-Кум” көчөсүнүн тургундарынын 2021-жылдын 11-январындагы чогулушунун №2 протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат

1. Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, “Абдалиев Жусуп” көчөсү болуп аталышына макулдук берилсин.

2. Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Артыкбаев
