# Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-июлундагы № 12 "Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-июлундагы № 12 "Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6941/edition/1108947/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-июлундагы № 12 "Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (16.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111056

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 16-июлу № 12 Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомунун 4 жана 5-пунтарына ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылынын “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш” көчөлөрүнүн тургундарынын 2021-жылдын 12-июлундагы чогулушунун №1 протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:

1. Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш” көчөлөрүнүн аталыштары өзгөртүлүп, “Маркаев Айбаш” көчөсү болуп аталышына макулдук берилсин.

2. Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

А. Бөрүев
