# Кант шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 113/XV-27 "Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 113/XV-27 "Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113/XV-27
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6894/edition/1107235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 113/XV-27 "Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111009

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 15-сессия

2019-жылдын 25-сентябры № 113/XV-27 Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кант шаардык кенешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомунун 30-беренесинин 2.1.Бапынын 2-бөлүгүнө жана Кант ш.Абдраимов көч.№64 дарегиндеги “Р-1” аймагынан (шаардык парктын аймагы), “Ж-1А” жер тилкесине (шаардын борбордук бөлүгүндөгү жеке турак жай курулуш аймагы) жыйынтык чыгаруу жөнүндө катын карап чыгып КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/XXVI-25 бекитилген “Кант шаарынын укуктуу аймактоо картасы” 30-беренесинин “Кант шаарынын курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” 2.1 Бап 2-бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кант ш. Абдраимов көч.№64 дарегиндеги “Р-1№ аймагынан (шаардык парктын аймагы), “Ж-1А” жер тилкесине (шаардын борбордук бөлүгүндөгү жеке турак-жай курулуш аймагы) жер тилкесин чыгарууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.

Төрага

А. Шайлдабеков
