Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 15-сессия
2019-жылдын 25-сентябры № 113/XV-27 Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кант шаардык кенешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын Кант шаардык кеңешинин № 205/ХХVI-25 21.12.2011-жылы бекитилген “Кант шаарындагы курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” токтомунун 30-беренесинин 2.1.Бапынын 2-бөлүгүнө жана Кант ш.Абдраимов көч.№64 дарегиндеги “Р-1” аймагынан (шаардык парктын аймагы), “Ж-1А” жер тилкесине (шаардын борбордук бөлүгүндөгү жеке турак жай курулуш аймагы) жыйынтык чыгаруу жөнүндө катын карап чыгып КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/XXVI-25 бекитилген “Кант шаарынын укуктуу аймактоо картасы” 30-беренесинин “Кант шаарынын курулуш эрежелери жана жерди пайдалануу” 2.1 Бап 2-бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кант ш. Абдраимов көч.№64 дарегиндеги “Р-1№ аймагынан (шаардык парктын аймагы), “Ж-1А” жер тилкесине (шаардын борбордук бөлүгүндөгү жеке турак-жай курулуш аймагы) жер тилкесин чыгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага
А. Шайлдабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.