# Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 5 "Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 5 "Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/110882>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-6767/edition/1101165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/110882.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 5 "Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө" токтому (30.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/110882

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 2021-жылдын 30-июлу № 5 Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын президиуму төмөнкү курамда бекитилсин:

Президиумдун төрагасы: Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы. Президиумдун мүчөлөрү: Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары; Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Ишеним" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Ынтымак" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынын лидери. Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

К.К. Конгантиев
