Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2021-жылдын 30-июлу № 5 Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын президиуму төмөнкү курамда бекитилсин:
Президиумдун төрагасы: Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы. Президиумдун мүчөлөрү: Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары; Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Ишеним" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Ынтымак" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери; Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынын лидери. Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек шаардык кеңештин Регламенти (Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме)Регламент · 28.12.2012 · № 2