# 9-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2003 года № 194 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/1320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108#diff=1192847..1192848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 9-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-9

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо менен пайдалануу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн республикалык программаларын түзүүгө жана ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу;

- тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдардын аймактык уюмдарын түзүүгө катышуу;

- айлана-чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин четтетүүгө катышуу;

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

- тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн максаттуу багыттагы фонддорун түзүү;

- жергиликтүү маанидеги суу объекттерин, кеңири тараган кендердин жана кен камтыган минералдар менен пайдалуу кендердин катмарларын жөнгө салууга жана пайдаланууга катышуу;

- тоолуу аймактардагы муниципалдык менчикти башкаруу;

- тоолуу аймактардын калкына социалдык колдоо көрсөтүү жана аларды иш менен камсыз кылуу;

- тоолуу аймактарда маданият, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, дене тарбия жана спорт менен башка ишканалардын, ошондой эле фермерчиликтин иштери үчүн шарттарды түзүү;

- тоолуу аймактардагы объекттер менен жаратылыш ресурстарын коргоону жана пайдаланууну контролдоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле башка мыйзам актыларына ылайык божомолдонуучу башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.

(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-10)
