# 8-статья. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктурүү жаатындагы ишинин артыкчылыктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1108)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 1-ноябрындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2003 года № 194 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О горных территориях Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/1320)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108#diff=1192847..1192848>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1056/edition/1192847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1108/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө, 8-статья (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-8

---

Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу органдардын артыкчылыктуу ишине жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзамдарды жана мыйзам менен белгиленген башка актыларды кабыл алуу кирет. Аткаруу бийлик органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы артыкчылык берилүүчү иши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- тоолуу райондордун тургундарынын жашоосуунун сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлиндеги айырмаларды кыскартуу үчүн шарттарды камсыз кылууну;

- тоолуу аймактын калкына социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүнү;

- тоолуу райондордун тургундарынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууну;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген райондук коэффициенттерди, эмгек акыга пайыздык үстөктөрдү эске алуу менен эмгекке акы төлөөнү;

- жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууну, аларга каржылык колдоо көрсөтүүнү жана ишке ашырууну;

- мамлекеттик кадастрды башкарууну жана жаратылыш ресурстарынын объекттери жөнүндө маалыматтар базасын түзүүнү;

- жаратылыш ресурстарынын сакталышын жана сарамжал пайдаланылышын камсыз кылууну;

- жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын контролдоону;

- өзгөчө корголуучу табигый райондорду жана объекттерди коргоонун жана пайдалануунун режиминин сакталышын камсыз кылууну, ошондой эле аларга өзгөчө корголуучунун статусун берүү максатында объекттер менен аймактарды аныктоону;

- республикалык маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарга тиешелүү чечимдерди бекитүүнү;

- тоолуу аймактарда жайгашкан объекттердин жана жаратылыш ресурстарынын менчигинин түрүн өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алууну;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы уюмдар менен жаратылышты пайдалануучулардын ишин координациялоону;

- кызматкерлерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну;

- жаратылыш ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу жаатындагы республикалык программаларды, илимий изилдөөлөрдү координациялоого жана каржылык көмөк көрсөтүүгө;

- гидрометеорологиялык байкоолорду, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушун божомолдоону;

- тарыхый жана маданий мураска таандык эстеликтерди коргоону;

- тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты;

- тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында башка милдеттерди чечүүнү.

(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1108/st-9)
