8-статья. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктурүү жаатындагы ишинин артыкчылыктары
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2003 года № 194
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу органдардын артыкчылыктуу ишине жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзамдарды жана мыйзам менен белгиленген башка актыларды кабыл алуу кирет. Аткаруу бийлик органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы артыкчылык берилүүчү иши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- тоолуу райондордун тургундарынын жашоосуунун сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлиндеги айырмаларды кыскартуу үчүн шарттарды камсыз кылууну;
- тоолуу аймактын калкына социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүнү;
- тоолуу райондордун тургундарынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген райондук коэффициенттерди, эмгек акыга пайыздык үстөктөрдү эске алуу менен эмгекке акы төлөөнү;
- жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууну, аларга каржылык колдоо көрсөтүүнү жана ишке ашырууну;
- мамлекеттик кадастрды башкарууну жана жаратылыш ресурстарынын объекттери жөнүндө маалыматтар базасын түзүүнү;
- жаратылыш ресурстарынын сакталышын жана сарамжал пайдаланылышын камсыз кылууну;
- жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын контролдоону;
- өзгөчө корголуучу табигый райондорду жана объекттерди коргоонун жана пайдалануунун режиминин сакталышын камсыз кылууну, ошондой эле аларга өзгөчө корголуучунун статусун берүү максатында объекттер менен аймактарды аныктоону;
- республикалык маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарга тиешелүү чечимдерди бекитүүнү;
- тоолуу аймактарда жайгашкан объекттердин жана жаратылыш ресурстарынын менчигинин түрүн өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алууну;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы уюмдар менен жаратылышты пайдалануучулардын ишин координациялоону;
- кызматкерлерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну;
- жаратылыш ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу жаатындагы республикалык программаларды, илимий изилдөөлөрдү координациялоого жана каржылык көмөк көрсөтүүгө;
- гидрометеорологиялык байкоолорду, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушун божомолдоону;
- тарыхый жана маданий мураска таандык эстеликтерди коргоону;
- тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты;
- тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында башка милдеттерди чечүүнү.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1108/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>